1-апрелден 11-апрелге чейин Ош шаарында жол эрежелерин бузган жана башка нормаларды бузган айдоочуларга протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБы боюнча МККБнын басма сөз кызматы кабарлады.
10 күндүн ичинде кайгуул кызмат 1 миң 975 протокол түзгөн.
1 миң 975 протоколдун ичинен мас абалда унаа башкарган-3, алдыңкы айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алган-11, документтери жок унаа бакшарган-29, айдоочулук курун такпаган -664 , жел белгилерине баш ийбеген-652 айдоочуга карата протоколдор түзүлгөн.
Жалпысынан 14 унаа айып короого токтотулган.