Саясат

Жарасул Абдураимов «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды

Бүгүн, 11-апрелде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Министрлер кабинетинин жетекчиси менен макулдашып, Жарасул Абдураимовду «Кыргызалтын» ААК Башкармалыгынын төрагасы кылып дайындады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жарасул Абдураимовду «Кыргызалтын» ААКтын жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.

  • Ал 1960-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган
  • Үй-бүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы
  • 2013-жылдын сентябрынан 2015-жылдын апрелине чейин «Кумтор Голд Компани» ЖАКта эмгектенген
  • Экономика өнүгүү жана соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган
  • 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын июль айына чейин КРнын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.
  • 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп эмгектенген
  • Учурда «Кыргызиндустрия» ААКнын жетектеп келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button