Коом

Президент аутизмдин белгилери бар үч эм уулдун энеси Жаңылкан Даирбековага батир берүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров “Азаттыктын” каарманы, аутизмдин белгилери бар үч эм уулдун энеси Жаңылкан Даирбековага Бишкектен батир берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Даирбекова  өзү билдирди.

Анын айтымында кечээ, 11-апрелде өлкө башчы менен жолуккан.

“Президент мен баргандан кийин “мэрия менен байланыштыргыла” деп шаар башчы менен сүйлөштү. Мэр телефондон эки бөлмөлүү батирлер бар экенин айтты. Президент “эки бөлмөлүү батир болсо да киргизгиле” деген тапшырма берди”, — деди ал.

Жаңылкан Даирбекова батирди кайсы жерден алуу боюнча сүйлөшүү үчүн бүгүн, 12-апрелде Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугат.

Булак: Азаттык

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button