Коом

«Тазалыкка» жаңы жетекчи дайындалды

Султан Алыбаев «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев «Тазалыктын» жумушчулары уюштурган митингде билдирди.

«Кечээ кечинде дайындалды. Жумушчуларга басым болбошу керек. Эгерде эртең кызматкерлердин бири жумуштан кетсе, анда сиз жана башкы инженер дагы жумуштан кетесиңер», — деди Ырсалиев Алыбаевге кайрылып.

Ошондой эле Ырсалиев жекшемби күндөрүндөгү жумуш үчүн акы төлөө маселесин кароону тапшырды.

«Силердин бюджет 514 млн сом болуп бекиген. Кайсы жерден акча үнөмдөсө болорун карап чыккыла, бирок дем алыш күнүндөгү жумуш үчүн акча төлөнүшү керек», — деди ал.

Алыбаев буга чейин УКМКда иштегенин айтты.

«Силерге менеджер керек, жетекчи менеджер болушу керек. Келгиле иштешип көрөлү. Эгерде иштей албасам, жумуштан кетем», — деди Алыбаев.

Ал Рамазан айынын соңуна чейин убакыт берүүнү өтүндү.

Эске салсак, бүгүн муниципалдык ишкананын кызматкерлери (негизинен жүк ташуучу унаалардын айдоочулары) жумушка келбей, эл өкүлүнүн аймагына нааразылык акциясына чыгышкан. Ишканада иштин чоо-жайын билбеген жетекчилер көп алмашат дешет. Кызматкерлер да айлык маянасын кечиктирип, унаа оңдоого акча бөлбөй жатканын айтышкан.

"Тазалыктын" иш таштаган кызматкерлери менен Жамалбек Ырсалиев жолугушту

Ошондой эле,  «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Азат Сагынов ээлеген кызматынан бошотулду.  Ал 2021-жылдын декабрынан бери «Тазалык» ишканасынын директору болуп иштеп келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button