Коом

Нурлан Насип жана депутат Айгүл Айдарова менен чырдашкан милиционер иштен алынды

Бишкекте ырчы Нурлан Насип жана депутат Айгүл Айдарова менен чырдашкан милиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталган милиция кызматкери ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган. Мындан сырткары, ага кошо үч кызматкер тартиптик жазага тартылды.

“Социалдык тармактарда ырчы жана депутаттын милиция кызматкери менен болгон чырдашуусу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Анда 20-мартта ырчы Нурлан Насип менен чырдашкан кызматкер 3-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова менен да сөз талашкан”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button