КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курула баштаган жаңы административдик имараттын курулушуна комментарий берди.

Агыг айтымында, борбор калаада жаңы административдик имараттын курулушу биздин жаңы тарыхыбыздагы бурулуш учурлардын бири. Ал Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан чыңдалышынын символу болууга тийиш.

«Биз 16 гектар жерди Президенттин Администрациясынын имаратын курууга алмаштырып жатабыз.

Сиздерге белгилүү болгондой, буга чейин Бишкекте жерлер жеке колдорго арзыбаган акчага кетип келген. Мамлекет аз пайда алып, ал турсун кээде башаламан курулуштардын аянты көбөйчү.

Эми акыры бюджеттик каражатты коротпой эле жаңы заманбап имаратка ээ болобуз, ал жерде кандай гана чет элдик делегациялар болбосун кабыл алуу уят болбойт, ал эми борбордогу 16 гектар жерге заманбап инфраструктура курулат.

Бул ошондой эле Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе. Чет мамлекеттерге барганда алардын административдик комплекстерине, архитектурасына дайыма суктануу менен карайбыз. Кудай буюрса, эми өлкөбүздүн коноктору да бизге ушундай суктануу менен карашсын», — деп жазган ал.