Коом

Генрих Келлер мындан ары мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктарга коляска бере албайт

Кыргызстанда туулган волонтер Генрих Келлер мындан ары кыргызстандыктарга коляска жана балдак алып келе албайт. Бул тууралуу Акыйкатчынын кеңешчиси Аскар Турдугулов билдирди.

«Көп жылдан бери Генрих өз каражатына Германиядан жылына жүк ташуучу унааны жалдап эки жолу коляска алып келет. Буга чейин бир жүк ташуучу унаа келиши үчүн Генрих 6000 доллар төлөчү. Бул айда ал 12 миң доллар төлөгөн. Эки эсе көп!

Генрих буга чейин чек араларда өзгөчө көйгөйлөр болбогонун, бирок азыр Беларус менен Орусиянын чек арасында чоң кыйынчылыктар жаралып жатканын айтты. Ар бир колясканы түшүрүүгө аргасыз болуп, деталдуу текшерүү жүргүзүлүптүр. Коляскалар менен бирге ал дайыма балдар үчүн шоколад алып келчү, ал тургай бул шоколаддар да өзүнчө бир-бирден эсептелиптир.

Генрихтин айтымында, бул анын Кыргызстанга акыркы жолу майыптар коляскасын жөнөтүүсү, анткени капысынан көтөрүлгөн көйгөйлөр жана баалар анын коляскаларды ташуусуна чоң тоскоолдуктарды жаратты», — дейт Аскар Турдугулов.

Акыйкатчынын кеңешчиси бийликтен Генрих Келлерге жана муктаж кыргызстандыктарга коляскаларды жеткирүүгө жардам берүүнү өтүнөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button