Коом

Кыргызстандыктар Орусияга учак менен гана бара алат

Кыргызстандын жарандарына Орусиянын аймагына кирүүгө аба аркылуу гана уруксат берилген. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Казакстан кыргызстандыктардын көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу кирүүсүнө чектөөнү алып салган. Бирок Орусия чектөөнү ала элек.

Элчилик Орусиядан өткөрүү пункттар аркылуу автоунаа менен чыгууга гана уруксат берилерин, муну эске алуу керектигин эскертти.

Эске салсак, Кыргызстандын Чек ара кызматы 11-апрелден тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө чектөөлөрдү жойгонун билдирген. Чек арадан өткөндө эки тараптан тең жарандардан ПЧР-тести жана COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөнүн тастыктаган документи, паспорту талап кылынат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button