Бүгүн, 21-апрелде, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 17…22, Таласта 16…21, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 14…19 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткенке абанын күндүз табы 19…24 градуска чейин ысыйт.

Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы 20…22 градуска жетет.