Коом

Бишкекте жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурулду

Бишкекте жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспортто буюмун жоготуп алган же таап алган жарандар көп кайрылышат. Мындан улам аталган бөлүм тарабынан жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурду.

«Эгерде сиз коомдук транспортто кандайдыр бир нерсени жоготуп алсаңыз же таап алсаңыз, анда азыр сизге шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок, департаментке кайрылып, издөөнү бир топ жеңилдеткен өтүнүч калтыруу жетиштүү болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Арызда унутулган, табылган нерсени деталдуу түрдө баяндап, каттамдын номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү зарыл.

Кайрылуу үчүн: 7-Апрель, 4а же WhatsApp номери: 0 (559) 69-69-48.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button