Талибдер өлкөдө TikTok социалдык тармагын жабууну чечишти. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтүндөгү маалымат жана маданият министринин экинчи орун басары Инамулла Самангани өзүнүн Twitter баракчасында билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинети ошондой эле Байланыш жана маалыматтык технологиялар министрлигине PUBG оюнуна бөгөт коюуну тапшырган.

Самангани белгилегендей, агенттик адеп-ахлаксыз материалдардын жана программалардын жайылышына жол бербөөгө тийиш. Талибдердин айтымында, бул колдонмолор жаш муундарды адаштырууда.

Белгилей кетсек, TikTok тиркемеси Кытайлык компанияга таандык. Дүйнөдө аны 1 миллиарддан ашуун адам колдонот.

Ал эми PUBG оюну түштүк кореялык «Крафтон» компаниясына таандык.