Коом

Курманбек Байтереков: Чет өлкөдө эмес, Кыргызстанда дарыланууга шарт түзүү керек

“Кыргызстанда  Эл аралык стандарттарга  жооп бере турган, көп  профилдүү медициналык борборлорду курууга мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан медицинасы күчтүү өнүккөн Корея Республикасынан тажрыйба алсак болчудай”, — деп билдирди  Кочкор районунун экс-акими, Чоң-Туз  санаториясынын директору Курманбек Байтереков.

Анын айтымында мындай демилге  Курманбек мырза Кореядагы ГёнКи медициналык борборуна дарыланууга барганда пайда болгон.

Кыргызстандагы  дарыгерлер Курманбек Байтерековдун оорусуна так диагноз кое алышкан эмес. Ал  ден-соолугу начарлагандан улам, Корея Республикасына барууга туура келген. Кореяда медиктер аны кароодон өткөрүп, оорунун себептерин жана диагнозду так коюп, дарылашкан.

Учурда  ал Кыргызстанда ооруп,  жеткиликтүү медициналык  жардам ала албагандарга жакшы шарт түзүү үчүн атайын демилге көтөрүп жатканын айтты.

“Өлкөбүздө ооруп жаткан  бейтаптар  баардык ооруларын бир жерден текшертип, жеткиликтүү баада ушул жерден эле дарыланып алса болот. Оор илдетке кабылгандар чет өлкөгө  барып дарыланам деп убара болбой, убакытты да, акчаны да үнөмдөп, Кыргызстанда  эле дарыланууга шарт түзүү керек”, — дейт Байтереков.

Курманбек мырзанын айтымында анын организминен  белгисиз курттар табылган. Кореянын дарыгерлери  операция  жолу менен аларды алып чыгышкан.

Кореядагы дарыгерлерге ыраазычылык билдирген Курманбек мырза, Кыргызстанда өзү сыяктуу ооруп жаткан мекендештерибизге да  өлкөбүздө дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүү керектигин билдирди.

Кыргызстанда мындай медициналык борборду куруу үчүн ички инвесторлорду  тартыш керектигин белгилейт. Байтерековдун айтымында  Кыргызстанда көп бизнесмен, ишкерлер бар. Алар эл үчүн мындай медициналык комплекс курууга мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Баардыгы биригип  элдин ден-соолугу үчүн мындай  көп профилдүү, баардык шарты бар медициналык комплексти куруп,  салыктан да жеңилдиктерди берүү керек дейт.

Байтереков медициналык комплексти Кыргызстандын кайсы аймагына куруу керектигин да пландап жатканын айтат.

Кыргызстандагы тарыхый-маданий баалуулугу бар кооз жайлар жайгашкан аймакка салып,  ден-соолугун чыңдаганы келгендер өлкөбүздүн эң мыкты жаратылышын, кооздугун  көрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өлкөбүзгө  бир чети туристтерди тартууга  чоң жарнама болот.

“Албетте, биздин жаратылыш эң кооз.  Эмне үчун мындай  медициналык борборду кура албайбыз. Бизде канчалаган президенттер алмашты,  бийлик алмашты, бирок,  жакшы курулуш эч качан кетпейт, эл үчүн кызматын кыла берет. Андыктан  Кыргызстандын эң кооз жаратылышы, маданий тарыхы бар аймакка  мындай медициналык борборду курсак, өлкөбүздүн келечеги үчүн да чоң салым болот”, — дейт Байтереков.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button