Бүгүн, 27-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарындагы №22 атайын (жардамчы) мектебинин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушту.
  
Жолугушууда Төрага Талант Мамытов мамлекеттин башкы милдеттеринин бири балдарга кам көрүү экенин белгилеп: “Өлкөбүздүн келечеги сиздердин колуңуздарда. Андыктан терең билим, татыктуу тарбия алууга аракет кылыңыздар. Келечекте араңыздардан эл-жер үчүн кызмат кылган, мыкты уул-кыздар өсүп чыгат деген ишеничтемин”, – деди.
Муну менен катар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жөнүндө учкай кеп кылды.
Баарлашуу маалында мугалимдер айрым маселелерге токтолуп, аларды чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.
Алсак, аталган мектептин дене тарбия мугалими Нургазы Үркүнбаев окуучулардын эл аралык спорттук мелдештерге катышуусуна шарт түзүү керектигин айтып: “Биздин балдар шаардык спартакиада менен атайын олимпиадаларга гана барат. Бирок бизде мүмкүнчүлүгү жана даярдыгы мыкты окуучулар бар. Андыктан алардын ири мелдештерге да катышуусуна көмөк көрсөтүү өтө маанилүү”, – деди.
Муну менен катар жолугушууда атайын мектептерде иштеген агартуучуларды колдоо жана шыктандыруу маселелери көтөрүлдү.
Кошумчалай кетсек, №22 атайын (жардамчы) мектебинде учурда 245 окуучу билим алат. Алардын катарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бар.