Баткен облусунун Лейлек районунун  чек аралаш айылдарынын  тургундары менен Тажикстандын Гафуров районунун тургундары менен биргеликте ооз ачарга чогулушту. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, эки тараптын элдери демилгелеген ифтарга Лейлек жана Гафуров райондорунун акимдери менен бирге күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү  катышып, жалпысынан 100гө жакын жарандар келишти.

Ушундай эле иш чара Баткен районунун жана  Тажик Республикасынын Исфара районунун тургундарынын, эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда да өткөрүлдү.

«Эки элдин ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулган иш чарада, коңшу кыргыз-тажик айылдарынын тургундары орозо айында Жараткандан жакшылыкты, биримдикти жана тынчтыкты тилеп дуба кылышты.Ошону менен бирге жаштарды да ынтымака чакырып биримдикте жашоо керектигин билдиришти», — деп айтылат билдирүүдө.