Бишкектеги Орозо айт намазына мамлекет башчы Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Орозо айт намазы 2-май күнү эски аянтта окулуп, таңкы саат 6:00дө башталат. Айт намазга карата ордо калаада Фрунзе көчөсү менен Чүй проспекти Логвиненкодон тарта Тыныстанов көчөсүнө чейин жабылары айтылган.