Коом
Өзбек аскерлери чек арада ок чыгарып Кыргызстандын үч жараны каза болду
Кыргыз-өзбек чек арасында коңшу өлкөнүн аскерлери ок чыгарып Кыргызстандын үч жараны каза болду. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары кыргыз жарандарына карата курал колдонушкан.
«Атылган октон 48 жаштагы А.К., 24 жаштагы А.Ж. жана 22 жаштагы А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилген. Бирок алган жараатынан эсине келбей каза болуп калышкан», — деп айтылат билдирүүдө.
Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү дароо Өзбекстандын Янги-Кургандагы чек ара өкүлү менен жолугушкан.
Анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну 6-майында улантууну макулдашканы белгиленди.
Чек ара кызматы билдиргендей, келип чыккан окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.