Коом

Айдоочулар төрт айда кайсы эрежелерди көп бузган. Тизме

2022-жылдын төрт айында республика боюнча 315 762 ирет эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жол кырсыктарын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында кайгуул кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат. Анын жыйынтыгында төрт айда эрежени 315 762 ирет бузуу аныкталган. Алар:

Белгиленген ылдамдыктан ашып айдагандар – 45 200;

Автоунааны тиешелүү документи жок айдагандар – 4 158;

Автоунааны эксплуатациялоо эрежелерин бузгандар – 119 688;

Автоунааны токтотуу талаптарын аткарбагандар — 377;

Ээнбаштык – 51;

Жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылы эрежелерин бузгандар – 12 миң 135;

Ички иштер органдарынын макулдашуусу жок кайра жабдылган автоунааны айдагандар – 1 219;

Жол белгилерин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндерди бузуп, талаптарды аткарбагандар – 107 586;

Маңдайкы айнеги, алдынкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн автоунааны башкаргандар — 947;

Ичип алып автоунааны башкаргандар – 4 171;

2021-жылдагы ушул мезгили менен салыштырганда төрт айдын ичинде жол кырсыктардын саны 11 пайызга, каза болгондордун саны 17,5 пайызга жана жаракат алгандардын саны 11,1 пайызга азайганы айтылды.

ЖКККББ автоунааны жол эреже билбей, белгилерге көңүл бөлбөй айдоо кооптуу экенин эскертип, айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button