Саясат

Илхам Алиев Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“9-Май биздин бардыгыбыз үчүн кымбат майрам, ал кандуу, кыйраткыч согуштун катаал жылдарын ар-намыс менен басып өтүп, кайраттуулук жана баатырдык, туруктуулук жана жан аябастыгы менен адамзатты фашизм коркунучунан сактап калган элдерибиздин даңктуу тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Улуу Жеңиш биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Согуштун узак жылдарындагы оор сыноолордо көрсөтүлгөн биздин элдерибиздин достугунун жана өз ара колдоонун жакшы салттары мындан ары да Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелерди чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кала берерине ишенем”, — деп айтылат куттуктоо катында.

Илхам Алиев Садыр Жапаровго жана бардык согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, жалпы бир тууган Кыргызстан элине бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button