Саясат

Садыр Жапаров: Кара-Кечеде көмүр казып алууну 1,5 млн тоннага чейин көбөйтүү пландалууда

Быйыл Кара-Кечеде көмүр казып алууну 1,5 млн тоннага чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу КР президенти Садыр Жапаров өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.

«Кыш мезгилинен кыйынчылыксыз чыгып алдык.

Динамика көрсөтүп тургандай, 2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө — 554 миң тонна көмүр казып алыптырбыз. Ал эми 2021-жылы 1 миллион 225 миң тонна көмүр казып алууга жетиштик.

Возможно, это изображение текст «2015-жылдан 022-жылдын кварталына карата кемур катмарын ачуу жана кемур ендуруп сатуу боюнча ΘϹγν динамикасы кемур казып алуу (мин тонна) кемур катмарын ачуу (мин тонна) 3500 2210 1048,4 1665,4 829,2 1042,8 229,4 254,5 350,6 1106,99 460,8 1225 2015-ж. 554,99 2016-ж. 2017-ж. 213,3 2018-M. 2019-ж. 2020-ж <<кыргызкемур>> ми 2021 2021-2022 K. куз-кыш мезгилинде 1 миллион тоннадан ашык кемур жуктеп сатканга жетишти, мындай керсеткуч совет доорунда да болгон эмес. 2021-ж.январынан2022. 2021-ж. 2022- ж.май йына еиин»

Кудай буюрса, алдыдагы кыш мезгилине карата көмүр казууну 1 миллион 500 миң тоннага жеткиребиз деп пландап жатабыз. Бишкек ЖЭБине жылдагыга караганда 100 миң тонна көмүр аз жагылып, 100 миң тонна үнөмдөлдү десек болот. Себеби таза көмүр жактык. Өз убагында катуу көзөмөлдөп турсак эле баары орду ордуна келет экен», — деп жазды президент.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button