Коом

Бишкекте 16-майдан тартып ысык суу берүү токтотулат

Бишкек шаарында 16-майдан тартып 16-июнга чейин ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгиленгендей, өчүрүү жыл сайын профилактикалык тейлөө үчүн жана жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.

«Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчун кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен маимле кылууңуздарды суранабыз», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button