Мектептерде акыркы коңгуроо майрамына карата кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле сейил бактарда сейилдөөлөргө, жаратылышка жана суу объектилерине саякаттоого тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомство акыркы коңгуроону 9-июнда өткөрүү боюнча буйрук даярдап жатат. Саат 9.00-10.00дө республиканын бардык мектептеринде (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик) салтанаттуу линейкалар өткөрүлөт. Буйрукка бүгүн кол коюлуп, жарыяланышы күтүлүүдө. Тыюу салуу жөнүндө бардык мектеп окуучуларына, алардын ата-энелерине, ошондой эле билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине түшүндүрүү  иштери жүргүзүлөт.

Министрлик ата-энелер  арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө аларын, буйруктун аткарылышын мугалимдерден жана класс жетекчилерден гана талап кыларын белгиледи.

Буйрук аткарылбаган жана кооптуу окуялар катталган учурда аларды жоопкерчиликке тартуу чаралары каралат.

Эске салсак, окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылганына байланыштуу мектептерде акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат.

Бүтүрүү кечелерин уюштуруу жана өткөрүү боюнча буйрук азырынча даярдала элек.