Коом

ИИМ: Жарандарга Европа менен АКШ өлкөлөрүнө мыйзамсыз миграция уюштурган канал аныкталды

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү  боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү жана алып чыгууну уюштурган туруктуу канал аныкталды.  

Алсак, чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу менен алектенген Кыргыз Республикасынын жараны 1986-жылы туулган А.Н. «Грин Лайт Компани» ЖЧК эл аралык билим берүү борборунун директору аныкталган.

Ошол эле учурда жаран А. Н. Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө ишке орноштуруу укугуна уруксаты жок туруп, 10-15 адамдан турган, арасында балдар да болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын тобун чогултуп, алардын Европа жана АКШ өлкөлөрүнө жеткирүү максатында мыйзамсыз Украина аймагы аркылуу Молдованын аймагына жеткирген.

Жогоруда аталган жаран Кыргыз Республикасынын жарандарын Молдовада 4-5 айга жакын кармап, чет өлкөлүк жарандар менен тил табышып, бир нече жолу круиздик жана жүк ташуучу кемелер аркылуу АКШга жана Европага жөнөтүүгө аракет кылган.

Натыйжада Молдованын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын жарандарына кылмыш иштери козголуп, депортацияланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча А. Н. болжол менен 5 000 000 млн. сом  ири өлчөмдөгү  акча каражаттарына ээ болгон.

2022-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүп жаткан учурда «Манас» эл аралык аэропортунда жаран А. Н. кармалган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-бөлүмүнүн 2-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз ташып кирүү (ташып чыгуу) менен кылмыш иши козголуп, андан ары тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кармалган жарандан же «Грин Лайт Компани» компаниясынын ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар экендигин аныктоо максатында жабыр тарткан жарандардан 102 же 0702 828 028, 0703 558 125 телефон номурларына кайрылууну өтүнөбүз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button