«OneTwoTrip» туристтик сервиси жүргүзгөн сурамжылоодо Кыргызстан россиялыктар жайында эс алууну пландаган алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Онлайн сервистин эксперттери колдонуучулардын июнь, июль жана август айларындагы билеттерди алдын ала ээлөө маалыматтарын талдап чыгышкан жана быйыл алардын көбү (89 пайызы) Орусия боюнча саякатка чыгаарын аныкташкан.

Москвага көз карандысыз туристтердин 18 пайызы, Сочиге 16 пайыз, Санкт-Петербургга 11 пайыз жаран  зыярат кылууну пландаштырууда.

Чет мамлекеттердин ичинен Армения эң көп суроо-талапка ээ – билеттердин 19 пайызы ошол жактан сатылып алынган. Туристтердин 16 пайызы Түркияга, 14,5 пайызы Кыргызстанга барууну көздөйт. Эң көп талап кылынган алдыңкы бештикке Казакстан менен Греция кирди, бирок ал жактагы учуу акысын төлөгөндөрдүн үлүшү төрт пайызга жетпейт.