Коом

Ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле жумушсуздар пенсиялык топтоолорун ала алышат

Министрлер кабинетинин жыйынында Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунан КР Социалдык фонду тарабынан пенсиялык топтоолорду төлөөнүн эрежелери жөнүндө чечимдин долбоору жактырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле алардын жубайлары карыздын негизги суммасын же кредит боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалана алышат. Мында камсыздандырылган адамдын, ошондой эле алардын жубайларынын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө 50 миң сомдон кем эмес өлчөмдө пенсиялык топтоо болууга тийиш.

Токтом ошондой эле пенсиялык топтоолору бар жумушсуз жарандарды социалдык жактан колдоого багытталган. Алар бул каражаттарды жашоо минимумунун өлчөмүндө үч айдан ашпаган мөөнөткө ала алышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button