Коом

Бактыбек Мамытовдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду

Бишкекте бүгүн, 21-майда Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы, чыгаан диктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

УТРКнын алдында уюштурулган иш-чарага министрлер кабинетинин, коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты.

Бактыбек Мамытов 20-майда оорудан улам каза болгон. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында төрөлгөн. 1967-жылы Чүй районунун “Октябрь” айылындагы орто мектепти аяктап, совхоздо эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып аны ийгиликтүү аяктаган.

1975-жылдын мартында Кыргыз ССРинин Телерадио комитетине дикторлук болуп жумушка алынган. Дээрлик 40 жылдан ашуун аталган мекемеде эмгек өтөгөн.

Бактыбек Мамытов диктор катары балдарга, жаштарга, улууларга арналган көрсөтүүлөрдү, жаңылыктарды, саясий-коомдук берүүлөрдү, айыл чарба, укуктук, тармактык көрсөтүүлөрдү алып барды. Өзгөчө “Кыргызстан” саясий-аналитикалык көрсөтүүсү, “Арноо концерти” сыяктуу берүүлөр элдин эсинде.

Мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларды, майрамдык ири салтанаттарды бийик чеберчиликте алып барган. Анын кайталангыс үнү, мукам тембри, алып баруу манерасы, көрүүчү, угуучуну арбап алар эле.

Ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү катары Бактыбек Мамытов эл сыймыгы, эл адамына айланды.

Өлкө алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн “Даңк” медалы менен сыйланып, ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары ыйгарылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button