Коом

Баткенде Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы көчмө жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 24-майда Баткен облусунун Баткен шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы көчмө жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу аталган  министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, отурумга Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган министрликтин өкүлдөрү, облустук билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

«Жыйында билим берүү жаатындагы актуалдуу маселелер, учурдагы абал жана алдыда аткарыла турган иштер талкууланууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button