Коом

Борбор калаада имараттардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу иштери уланууда

Свердлов районунун акимиаты көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча күчөтүлгөн иштерди улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, шаардын архитектуралык-көркөм жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында имараттардын фасаддарында көрнөктөрдү жана жарнамалык жазууларды жасалгалоонун бирдиктүү стили бекитилген.
Муниципалдык администрациянын жана демөөрчүлөрдүн аракеттери менен Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү № 105/1, 105/2 жана 105/3 үйдүн фасадынын архитектуралык көрүнүшүн калыбына келтирүү жана жакшыртуу боюнча иштер башталды.
Иш үч этапта жүргүзүлөт:
— жаракаларды, бетон сыныктарын алуу;
— атайын топурак аралашмасы менен жарака, сыныктарды бүтөө;
— эки сыйра сырдоо.
Учурда аталган жумуштарды «SANANGEL» өндүрүш компаниясы жүргүзүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button