Коом

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекке келди

Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегация Бишкек шаарына келди.

Михаил Мясникович Бишкекте 26-майда өтө турган биринчи Евразиялык экономикалык форумуна, 27-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйындарына катышып, Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт.

Белгилей кетсек, 26-майда өтө турган экономикалык форумга 15 өлкөдөн 2,5 миңден ашык адам катышат. Форум коронавирус пандемиясына байланыштуу тыныгуудан кийин ЕАЭБдеги ири бизнес иш-чараларынын бири болмокчу. Анын алкагында 35 иш-чара өтөт. Форум Евразиялык экономикалык биримдигинин өлкө башчыларынын катышуусундагы пленардык жыйынды, андан тышкары, 21 тематикалык сессияны камтыйт.

Ал эми 27-майда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны өтөт.

Иш-чараны видеоконференция форматында өткөрүү чечими учурдагы эл аралык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынды.

Саммиттин күн тартибинде 14 маселени талкуулоо пландаштырылган, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2022-2023-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, 2021-жылга ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштердин жыйынтыктары, ЕАЭБ эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары ж.б.

Жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат. Байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Канель катышат.

Эске салсак, 2022-жыл ичинде Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button