Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасында газ чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарына караштуу Кош-Булак айылындагы көмүр шахталардын биринде газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган даректеги шахтада парустук тосмо орнотуу үчүн шаардагы Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 7 куткаруучу тартылып, 500 метр тереңдикте газ чыккан жерге парустук тосмо орнотуу жумушун ийгиликтүү аякташкан.

Бактыга жараша, шахтада жумушчулар болгон эмес жана жабыр тарткандар болгон жок.