Бишкек шаарында бүгүн, 26-майда, ЕАЭБ жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 2000ден ашык адамдын катышуусунда Биринчи Евразиялык экономикалык форум башталды.

Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйындарынын бирине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция аркылуу катышты. Алар – Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко.
Суроо-жооп форматында мамлекет башчылары менен өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагындагы көп тараптуу мамилелер, Бири дикке мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарын арттыруу, адамдык капиталды өнүктүрүү жана башка көптөгөн маселелер боюнча өз көз караштары менен ой-пикирлерин билдиришти.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында 300дөн ашык иш-чара пландалып, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ири бизнестеринин, мамлекеттик органдарынын жана ЖМКларынын өкүлдөрү чогулушту.