Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннель убактылуу жабылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жай мезгили келип чабандар мал жандыктары менен Суусамыр өрөөнүндөгү жайлоолорго көчүп жатышат. Буга байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолундагы Көлбаев атындагы тоннель аркылуу мал айдап өтүшөт.

Ошондуктан тоннелде жол тыгынын болтурбоо жана коопсуздукту сактоо максатында, унаалардын бардык түрүнө 15-20 мүнөт аралыкты сактоо менен тоннелдин эки тарабынан тең убактылуу жол жабылып турат.