Президент Садыр Жапаровдун саясий эрки жана премьер-министр Акылбек Жапаровдун аракетинин аркасында бир жыл мурун “Кумтөр” алтын кени Кыргызстанга өткөрүлүп, тышкы менеджердин милдетин Теңиз Бөлтүрүк аткарган. Профессор, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишимбай Чунуев алтын кенине байланыштуу убактылуу жетекчилик жана чечимдер киргизилгенден бери “Кумтөрдө” кандай өзгөрүүлөр болгонун айтып берди.

Анын айтымында, “Кумтөр” бир тыйындын эки бети. Бир жагынан, бул заманбап алдыңкы жабдуулар, жогорку технологиялар жана кесипкөй команда. Экинчи жагы инвесторлор менен кантип иштебеш керек деген эреже.

«Биз кенди чет элдиктерге берип, көзөмөлгө албай койгондуктан азыр мөңгү, экология маселеси бар. Тенгиз Бөлтүрүк металлургия, руданы кайра иштетүү жана өндүрүш тармагын терең билген. Сырттан жетекчи болуп келгенде өндүрүш бир мүнөткө да токтогон жок. Эң негизгиси олуттуу кырсыктар болгон жок. Бул команданын профессионалдуу экенинен кабар берет», – деп эсептейт профессор.

Ал ошондой эле Убактылуу администрациянын башында эле биринчи кезекте мөңгүлөргө тийбейбиз жана башка жолдорду табабыз деген убаданы эске салды. Чынында эле бүгүнкү күндө мөңгүнү бузбай жер астынан казуу пландалып жатат. Анын үстүнө кен 2025–2026-жылдары жабылышы керек болчу, эми инновацияларды киргизүүнүн аркасында анын иштөө мөөнөтүн 2031-жылга чейин узартуу сунушталууда.

Чунуев ошондой эле учурда жаштар стажировкадан өткөндөн кийин «Кумтөр Голд Компани» ишканасына жумушка алынып жатканына канааттануусун билдирди.

«Буга чейин жумушка орношпостон, стажировкадан гана өтүүгө мүмкүн болчу. Азыр студенттер менен инженер-техник кызматкерлер практикага алынууда. Анан алар аттестациядан өтүшсө, шахтада иштешет. Мага учурда Канадада, АКШда жана Орусияда иштеп жаткан кыргызстандык адистер чалып: «Өзгөрүүлөр барбы? Туруктуу болсо, шарт түзүлсө келип иштей алабызбы?» деп  кайрылып жатышат.

Профессордун айтымында, өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн иштей турган жүздөгөн кыргызстандык адистер чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт.

Кыргызстан менен «Центерра Голд Инк» ортосунда түзүлгөн тынчтык келишими боюнча Чунуев өткөн жылдары бул маселе бир нече жолу көтөрүлүп, бирок бийлик тарабынан эч качан аткарылбаганын белгиледи.

«Учурдагы келишим туура деп эсептейм. Анткени, сот 5–10 жылга созулат. Кыргызстан Кумтөрдү өз алдынча иштете аларын бир жылда көрсөттү», – деп эсептейт эмгек сиңирген геолог.

Мындай жагдай, Кыргызстандын аброюн дүйнөлүк коомчулуктун алдында бир топ көтөрдү – деп жыйынтыктады Чунуев.