Коом
Камчыбек Ташиев: Селдин кесепетинен үйлөрү жараксыз абалга кептелгендерге 1 млн сомдон берилет
Сузакта селден жабыр тартып, үйлөрү жараксыз абалга кептелген жарандарга 1 млн сомдон берилет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, селдин кесепетинен үйлөрүн жаңыдан кура турган 45 жаранга 1 млн сомдон берилди. Ал эми үйлөрү оңдоп түзөөгө муктаж болгон 73 жаранга 100 миң сомдон берилди.