Саясат

Садыр Жапаров: Канча уурдаса, андан он эсе төлөмөйүнчө уурулар кутулбайт

Коррупция менен күрөш жөнүндө президент Садыр Жапаров, “Кабар” маалыматтык агенттигине берген интервьюсунда токтолду.

-Мурдагы заман жок. Мындан ары канча уурдасаң, ошону жүз эселеп казынага төгүп берип анан кутуласың. Кечээ жакында эле миң доллар пара ала койгон бажычы камалып, жүз миң доллар төгүп кутулуп чыкты. Жыйырма миң сом пара алып кармалган жол кайгуул кызматкери эки миллион сом төлөп үй камагына чыкты. Мунун баарын УКМК, ИИМ, Баш прокуратура көзөмөлдөп турат. Албетте, коррупцияны жүз пайыз тыйып койдук дегенден алысмын. Биз билбей же көрбөй калган кылмыштар көп эле болушу мүмкүн. Бирок бийлик башындагылар мурдагыдай схема түзүп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт”-бул тууралуу Садыр Жапаров “Кабар маалымат агенттигине берген маегинде  айтып өттү.

-Ал эми соцтармакта жазып жаткан мекендештериме айтаарым, менин таза иштээримден эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Мага байлыктын кереги жок. Башкаларга окшоп президент боло калып эле үч-төрт жылдан кийин мультимиллиардер боло калуудан алысмын” коррупция менен болгоон күрөш активдүү жүрүп жаткандыгын жана күч органдары коррупция боюнча бардык иш-аракеттерди көзөмөлдөп жаткандыгын айта кетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button