Эртең, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Наристе” II Эл аралык балдар фольклор фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот.

Фестивалдын алкагында борбор калаанын Чүй проспектисинде өлкөнүн бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген 3000ге жакын катышуучулардан турган параддык жүрүш өтөт. Андан соң фестивалдын ачылыш аземи болот.

Андан кийин Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балалык ыргагында” иш-чарасы өтөт.

Иш-чараларды УТРК жана республикалык телеканалдар түз алып көрсөтөт.

Эфир башталышы 09:00.