Коом

Баткен облустук милициясы кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин балдарынан кабар алды

Баткен ОИИБдин начальниги Мурат Бороновдун демилгеси менен 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин балдарын куттукташып, аларга майрамдык маанай тартуулашты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, 1-июнь күнү Баткен ОИИБдин жетекчилиги 2010-жылдын 27-октябрында кылмышкердин огунан 31 жашында каза болгон милициянын старшинасы Ысманов Кылычбек Илязовичтин Кызыл-Кыя шаарында жашаган жаш өспүрүм балдарынан, ошол эле кылмышкердин огунан 27 жашында каза болгон милициянын сержанты Бердалиев Гуламжан Абдумуталиповичтин Кадамжай районундагы Марказ айылында жашаган ата-энесинин карамагында турган 12 жашар уулунан, ошондой эле 2022-жылдын 27-мартында кылмышкердин колунан каза болгон милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиевдин Баткен шаарындагы үй-бүлөсүнөн кабар алып, алардын балдарын майрамдары менен куттуктады.

«Баткен ОИИБнын жетекчилиги алып барган шириндиктерди, белектерди берип, аларга бекем ден-соолук, бактылуу балалык, кең келечек каалап, мындан ары да милиция кызматкерлери тарабынан кам көрүлүп, көмөктөшөөрүн билдирди», деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button