Коом
Чек ара кызматы: Тажикстандык чек арачылар Кыргызстандын аймагына кирип, жоокерлерге ок чыгарган
Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын КР УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашкан. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.