Саясат

Cадыр Жапаров: Министр Бейшеналиев боюнча комиссия түздүм

Кыргызстанда cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шек саналып кармалды. Ал президент Садыр Жапаровдун көздөй кадры катары белгилүү. Буга кошумча Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун кайым айтышуусу өкмөт менен парламенттин мамилесин жана оппозицияга болгон куугунтук маселесин коомдук талкууга чыгарды.

Дал ушундай кырдаалда «Азаттык» радиосу президенттин маалымат кызматына кайрылып, соңку окуялар боюнча Садыр Жапаровдон комментарий алуу өтүнүчүн жөнөткөн. Биздин суроолорго президент Жапаров төмөнкүдөй жооп кайтарды.

«Азаттык»: Президент мырза, 2-июнда cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды. Ал сизге жакын министр катары белгилүү болчу. Эки күн мурда эле сиз Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” балдардын реабилитациялык борборунун ачылышында Бейшеналиевге ушул ишти колго алып бүтүргөндүгүнө ыраазычылык билдирдиңиз эле. 2-июнда да министр сизди коштоп жүргөнүн маалымат кызматыңыз жарыялаган. Эми Бейшеналиев оор кылмышка шектелип кармалып отурат. Бул жагдай коомчулукта президенттин айланасында ажырым кетип, кадр саясатындагы осол иштер бар деген божомолдорду жаратты. Министрдин мыйзамсыз иштери тууралуу кабарыңыз болгонбу?

Жапаров: Эсиңиздерде болсо 2020-жылы бизнести, мамлекеттик ишканаларды текшерүүгө мораторий киргизгенбиз. Бул жылдын башынан баштап бардык министрликтерди, мамлекеттик мекемелерди текшерүүгө уруксат бергенбиз. Себеби иш кагаздарында, финансылык иш жүргүзүүлөрдө мыйзам бузуулар көбөйүп кетти деген маалымат келген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен министр Алымкадыр Бейшеналиев боюнча жакында эле Башкы прокуратура финансылык мыйзам бузуулар бар экенин айтып кайрылган. Эгер чындап эле мамлекетке келтирген зыяны болсо, мейли, ким болбосун сурагыла дегем. Реабилитациялык балдар борборунун ачылышынан кийин сурайлы деп күтүп жүрүшсө керек. Кечээ күнү кармап кеткенин көрүп, бүгүн комиссия түзүп, жибердим. “Өзүм үчүн билейин. Калыс козголгонбу же жокпу тактап келип бергиле” деп. Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта «башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган» деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат беришет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз.

Булак: Азаттык

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button