Коом

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү менен конуштарында суу өчөт

Эртең, 9-июнда, Бишкектин кээ бир жерлеринде саат 9:00дөн 23:00гө чейин таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бул күнү «Бах» суу өткөргүчүндө оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аткарылат.
Суу убактылуу берилбей турган көчөлөр:

Тыналиев, Масалиев, Садырбаев көчөсүнүн Абдрахмановдон Арча-Бешик конушунун батыш чегине чейинки бөлүгү, Айни, Осмонов, Циолковский, Муромская, Гагарин, Псковская-Тыналиев, Сары-Өзөн, Салкын-Төр, Төмөнкү-Орок, Ала-Арча, Арча-Бешик, Плодовое, Калтар конуштары, 105-контур жана Селекция айылы.

Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button