Коом

Камила Талиева: «Сабалган жоокердин абалы оор, туугандары кайда гана кайрылбады»

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 8-июнундагы жыйынында аскерге чакырылган жоокер Бекзат Эсенбековду прапорщик сабап салганы боюнча маселе көтөрүлдү. Эл өкүлдөрү,  парламент бул масалени көзөмөлгө алуу керектигин айтышты.

Депутат Камила Талиева мындай учурларда министрлер кабинетинин ишине баа берилүүсү керектигине токтолду.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин прапорщиги өз жоокерин түнү бою сабап, абалы оор, туугандары кайда гана кайрылбады. Мындай учурларда министрлер кабинетинин ишине баа берилип, а алар болсо сын айтканыбызга бизге таарынып жатышат. Билим берүү министрлиги да иштебейт. 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болду. 21-кылымда болуп жаткан мындай коркунучтуу окуяларга ким жооп берет? Эртең акыркы коңгуроо. Баары трагедиясыз өтөт деп ким кепилдик берет? » — деп суроо салды депутат.

Эске салсак, Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча билдирүү тараткан. Жоокердин абалы бүгүнкү күнгө карата орточо оор деп бааланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button