Ош Мамлекеттик университетинде жаш авторлор үчүн “Көркөм адабиятка кадам” аталышындагы семинар өтүүдө
Бүгүн, 2022-жылдын 8-июнунда Кыргызпатент тарабынан Ош Мамлекеттик университетинде жаш авторлор үчүн “Көркөм адабиятка кадам” аталышындагы семинар өтүүдө.
Семинардын максаты – жаш калемгерлердин чыгармачылыгына өбөлгө түзүү, аймактарда таланттарды аныктоо жана алардын чыгармаларын жайылтуу болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында жаш калемгерлер менен белгилүү акын-жазуучулар ортосунда жолугушуу аянтчасы түзүлүп, пикир алмашуу, ой бөлүшүү, ошондой эле авторлорго “Саамалык – 16” адабий китеби жана “Келечек жаратманы” интеллектуалдык менчик боюнча республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар жана диплом-сертификаттар тапшырылды.
Семинарга жаш калемгерлер, белгилүү акын-жазуучулар, мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери, олимпиаданын катышуучулары, ОшМУнун профессордук-окутуучулар жамааты катышты.