Эртең, 10-июндан тарта орус авиакомпаниялары Орусиянын шаарларынан Тамчыга үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачат
Эртең, 10-июндан тарта орус авиакомпаниялары Орусиянын шаарларынан Ысык-Көл облусунун Тамчы аэропортуна үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Орусиялык туристтер эми Ысык-Көлгө учак менен бара алышат. Тамчыга бир эмес, үч авиакомпания жума сайын Орусиянын шаарларынан каттамдарды ачат:
Аэрофлот — Орус аба жолдору — 2022-жылдын 16-июнунан баштап Москва — Тамчы — Москва багыты боюнча жумасына эки каттам;
«Уральские авиалинии» — Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча жумасына эки каттам. «Екатеринбург – Тамчы – Екатеринбург жумасына эки каттам.
2022-жылдын 10-июнунан баштап Санкт-Петербург – Тамчы – Санкт-Петербург каттамы боюнча жумасына бир каттам;
S7 Airlines — 2022-жылдын 19-июнунан баштап Новосибирск — Тамчы — Новосибирск каттамы боюнча жумасына бир каттам.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын июнь айынан баштап поезддер төмөнкү каттамдар боюнча ишке киргизилген:
Бишкек – Казань – жумасына бир жолу;
Бишкек – Самара – жумасына эки жолу;
Бишкек — Новосибирск — сегиз күндө бир жолу.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда автожол байланышы да толугу менен калыбына келтирилди — 2022-жылдын 16-майынан тарта кыргызстандыктар үчүн мамлекеттик чек аранын жердеги өткөрүү пункттары аркылуу Россиянын аймагына кирүүгө коюлган чектөөлөр алынды.