Борбор калаанын мэри  3-6-июнь аралыгында Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, сапардын алкагында ал БАЭ өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

«Иш сапардын жүрүшүндө  Шейх Мансур ибн Заид Аль Нахайяндын ишенимдүү адамы, «K and К Group» компаниясынын   башкы директору, профессор Тажеддин Сейф менен жолугушуп,  Бишкек шаарынын мэриясы менен Абу-Даби жана Дубай шаарларынын бизнес жана муниципалитеттеринин ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле шаарлардын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүүнү  тездетүү жөнүндө да макулдашылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, мэр келечектүү инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды, атап айтканда,  «Бишкек Сити» көп функционалдуу кварталынын концепциясы, темир жолду шаардан чыгаруу, транспорт маселелери, катуу жана медициналык калдыктарды кайра иштетүүчү заводдун курулушу, Бишкек шаарында монорельстүү транспорт системасын түзүү, Кара жыгач токоюн, Ала-Арча, Аламүдүн дарыясын көрктөндүрүү, ЖЭБ-2 реконструкциялоо, Ч.Айтматов проспектиси- Масалиев көчөсүнүн  боюндагы бульварды жакшыртуу жана башка маселелер.

Өз кезегинде араб тарап бул долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр экендигин билдирип, кызматташуунун бир нече варианттарын сунуштады: инвестиция салу, МЖӨ кызматташуусу жана гранттык жардам.

Ошондой эле мэр маалымат технологиялары менен алектенген «Royal group of technologies»  компаниясынын ээлери менен жолукту. Бул компания “Акылдуу шаар” долбоорлорун Россия, Казакстан, Өзбекстан, Мексика ж.б. өлкөлөрдө ишке ашырган.  Жыйындын жыйынтыгында компания Бишкек шаарындагы «Акылдуу шаар» системасына аудит жүргүзүү жана өзүнчө пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү чечими кабыл алынды.

Заводдорду экологиялык жактан таза технологиялар менен куруп жаткан америкалык «ReMining Corporation»  компаниясынын директору менен жолугушууда биз алар тараптан аудит жүргүзүп, комбинатты куруу боюнча коммерциялык сунуш берүүнү макулдаштык.

«Меридиан Эко Система» компаниясынын ээси Дмитрий Агасаров менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында медициналык калдыктарды плазма-химиялык жок кылуу, башкача айтканда калдыктарды молекулаларга ажыратуу жолу менен утилдештирүү боюнча заводду алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.