Коом

Бейшеналиев: Студенттер келечекте дипломдук иш жазбай калышат

Кечээ,10-июнда «Келечек-2022» жаштар ишкерлигинин өлкө кубогунун ачылышы болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бизнес-стартап сынагынын ачылыш аземине министр Алмазбек Бейшеналиев катышып, келечектеги пландары менен бөлүштү.

«Кудай буюрса, студенттер дипломдук иштерди жазбай калышат. Мамлекет алардын стартаптарды өнүктүрүшүнө жана андан ары улантуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Силикон өрөөнүнө барып иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди ал.

Жаштар ишкерлигинин улуттук кубогунда борбор калаадагы жана аймактык университеттердин 16 Enactus командасынын 800дөн ашык студенттери, StartUp School мектебинин командалары жана «Жаш Табышкер» долбоорунун ишкерлери өз долбоорлорун тартуулашат.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчү аталган эң күчтүү команда Пуэрто-Рикодо өтө турган Enactus 2022 дүйнөлүк чемпионатына Кыргызстандын атынан чыгуу укугуна ээ болот. Ал эми 15 стартапка гранттык колдоо көрсөтүлүп, кеминде 5 стартап инвестор табат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button