Коом

Жаңы Ак үйдүн пайдубалын түптөө иштери башталды

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын пайдубалынын алгачкы эки деңгээли куюлуп бүттү. Бул тууралуу  Президенттин иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция кабарлады.

Буга чейин маалымдалгандай, курулушту TS Group компаниясы жүргүзүп, иштин аткарылышын аталган мамлекеттик дирекция көзөмөлдөйт.

Айта кетсек, жаңы Ак үй мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынып жатат. Бишкектеги тарыхый-маданий жайлардын тизмесине кирген имаратты бузуп, ордуна башка имарат салуу коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан.

Президент Садыр Жапаров бул боюнча кайрылуу жасап, курулуш иштерине мамлекеттен акча коробосун, ал Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жер тилкесине алмашылып жатканын билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button