Спорт

Валентина Шевченко UFC уюмунда рекорд жаратты

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында чемпиондук титулун эң көп коргогон мушкер аталды. Бул тууралуу MMA Fighting порталына жарыяланды.
Ал мындай рекордду Сингапурда өткөн UFC 275 турниринде жараткан. Анда Шевченко бразилиялык Тайла Сантос менен беш раундга чейин мушташып, натыйжада калыстардын чечими менен жеңишке жеткен. Муну менен кыргызстандык спортчу чемпиондук макамын жети жолу коргоп, UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында рекорд койду.
Буга чейин чемпиондук курун алты ирет сактап калган Ронда Роузи мыкты аталып келген.
Валентина Шевченко алгачкы жолу 2018-жылы 9-декабрда польшалык Иоанна Енджейчикти утуп, жеңил салмак категориясында чемпион болгон. Ошондон бери намысты колдон чыгарбай келе жатат. Бул аралыкта Жессика Ай, Лиз Кармуш, Кэтлин Чукагян, Женнифер Майя, Жессика Андраде жана Лорен Мерфи аттуу атаандаштарын жеңип чыкты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button