Мамлекеттик салык кызматында электрондук салык боюнча консультация берип, техникалык колдоо көрсөткөн кызмат иштей баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, «Салык сервис» мекемесинин адистери (0312) 51-01-47, (0997) 00-01-16, (0755) 00-01-16, (0508) 99-66-69 (Telegram, Whatsapp) номерлери аркылуу техникалык колдоо көрсөтүшөт.
Мындан тышкары, атайын Telegram-чат ачылганы айтылды.
«Салык төлөй тургандар көрсөтүлгөн номерлерге чалып же жазып, салык боюнча отчетторду түзүүдө жана тапшырууда же башка электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алуу боюнча кеңеш сурап жардам ала алышат», — деп айтылат маалыматта.
Салык кызматынын өкүлдөрү маалыматтык системаларды автоматташтыруу жана жакшыртуу боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды кабыл ала турганы кошумчаланды.