Коом
Ошто өрт өчүрүүчүлөргө сыйлык берилди
Бүгүн, 15-июнь күнү Ош шаарынын мэриясында өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Өрткө каршы кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Кызматкерлерди Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун жана жалпы шаардыктардын атынан Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов куттуктады. Ал жарандардын коопсуздугу үчүн эң маанилүү жана оперативдүү кызматтардын бири катары өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө өрткө каршы кызматынын мыкты кызматкерлери, ошондой эле ардагерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.