Бишкекте курула турчу жаңы стадиондун курулушу болжол менен эки жылда бүтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жаңы стадиондун курулушу үстүбүздөгү жылдын август айында баштала тургандыгын билдирди.

«Стадион борбор калаанын түштүк-батыш тарабында курулат. Ал 22,5 миң кишилик заманбап көп функциялуу спорт аянтчасы болот. Стадионду бул жаатта көп жылдык тажрыйбасы бар Европадан келген компания курат. Каржылоонун негизги бөлүгүн европалык инвестициялар түзөт», — деген ал.
Султанбаев стадиондун курулушу болжол менен эки жылда бүтө тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 14-июнда президент Садыр Жапаров Азия кубогуна тандап алуунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын футболдук таймашына күбө болгон.
Беттеш аяктаган соң мамлекет башчысы улуттук курама менен жолугуп, анда Бишкекте жаңы стадион курула тургандыгын айткан.