Салык кызматы карызы бар миңден ашык жаранга чектөөлөрдү койду
Салык кызматы карызы бар миңден ашык жаранга бир нече чектөөлөрдү койду. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-июнуна карата сот аткаруучулар кызматы салык органдарынын арызынын негизинде жалпы 7 миллиард 683 миллион 9 миң сом суммасында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар 1001 салык төлөөчүгө карата алдын алуу чараларын көрдү. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 251 салык төлөөчү жалпы 42 миллион 3 миң сом суммасында карызын жойду. 100 миң сомдон ашык суммада салык карызы бар деп таанылган жарандарга карата төмөнкүдөй тыюу салуулар колдонулат:
– Өлкөдөн чыгуу;
– Кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча ар кандай аракеттерди көрүү; – Банктык операцияларды жүргүзүү;
– Карызы бар адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана башка паспорттук маалыматтарын өзгөртүү;
– Лотерея утуштарын, акчалай же белек катары алынган башка мүлктөрдү белек, материалдык жардам же мурастоо катары берүү жана башка чаралар.